letra de kirgiz jeri (kyrgyz land) - salamat sadikova
Loading...
ала-тоо ак калпагын кийген кезде
аскасы көк асманга тийген кезде
мен дагы жолго чыгам таңды тосо
кучактайм ой-кырларын нурга кошо
улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн
сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн
ысык-көл жердин көркү, кырлар кашы
адырлар көкүрөгү, токой чачы
дайралар кан тамыры, чоку таажы
седеби, топчулары, ар бир ташы
кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери
күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери
жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде
жарык нур жер жамалын өпкөн кезде
көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде
дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде
көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери
сезилет ата-энелик мээримдери
улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн
сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн
letras aleatórias
- dwi › letra de overrated - dwi
- ama lou › letra de bad weather - ama lou
- jakku › letra de buggy feat. ascosouth - jakku
- лэп lap rus › letra de лазурный (azure) - лэп. (lap.) (rus)
- chonny jash › letra de push - chonny jash
- phil campbell and the bastard sons › letra de too much is never enough - phil campbell and the bastard sons
- venjent › letra de zip it - venjent
- ofnus › letra de echoes - ofnus
- mora › letra de ayer y hoy - mora
- mazallow › letra de погружаюсь (diving) - mazallow