letra de обондорум (my melodies) - begish
[кайырма]
кара тору обондорум
угармандар көтөрүп колдорун
эркин баратам өз жолумда
микрофонум өз колумда
[1-куплет]
заманбаптын акындары жанымда
бирге чогу жүрөктөрү жалындап
ийне менен кудуктарды казабыз
текшерип көр гнддан тазабыз
ичем күндө кыргыз кымыз, чалабын
чыйырчыктан ала келет, чаламын
каалагадай жаша менин талабым
мен ушундай жөп-жөнөкөй баламын
башка улут алты нольго алдашып
алып кетем десе мени жалдашып
көрсөтөмун чечип туруп жамбашым
жерге жатсам да мен кыргызстанда каламын
ишенип кой мага, айткан сөздөргө
бөлөк өзгөрсө да, кыргыз өзгөрбө!
тарбияны карма, жана билимди
бек сактагын ата-салтты диниңди
азыр заман жамандыгы билинди
каршы сөзгө келтирбегин жиниңди
айткан сөздөн кайтпайм, эми кайтпайт балдарым
керек болсо кесип алгын ачуу тилимди
мен баарыбир айтам
чындык сөздөрүмдү
мен баарыбир ачам
жабык көздөрүндү
досум билип алгын!
жашоо өзгөрүлдү
досум билип алгын
жашоо өзгөрүлдү
[2-куплет]
кара-кара-каратору
менин обондорум
жазган создор, билем сенин оюндун борбору
берем сага даарыларды
калсан ырлар менен ооруп
өтөбүз бирге өмүрдү
сүрөбүз биз рэптин доорун
жанымда досторум, жалын журөк отторум
тапанчам октолуу, досторун жоктогун
азыр акчанын артынан кетти канчасы жок болуп тагдырын өз колуңда
эн башкысы ток болгун
ачкадан олбойун дейт жолдо сурамчы жок колу
а сен жигит токтобостон дайым жанып шок болгун
күйүп тур чек арада турган жигиттей от болуп
кыргыз деген атын менен шок болбосон жок болгун
бөлөк элге кетти алтын, тоо тиреген мөңгүлөр
ойдодогу айта албайбы жөн эле жөнгүлө деп
же болбосо оозун басып сом тыкты көнгүлө деп
мен бир кана акты карадан дайым бөлгүлө дейм
башка элге кыргыздарым бакыт издеп баратат
бизден тапса болбой экен деген ойду жаратам
башканын короосун тазалап , канча кыз, азамат
эмне үчүн жаратканым кыргызымды жазалайт
[кайырма]
кара тору,обондорум
угармандар көтөрүп колдорун
эркин баратам өз жолумда
микрофонум өз колумда
letras aleatórias
- the bipolar bears › letra de the moon as a stalker - the bipolar bears
- charles dumont › letra de comme une fugue de bach - charles dumont
- draganov › letra de légendaire - draganov
- merlin › letra de ne budi me seno - merlin
- sugar joiko › letra de freak bitch - sugar joiko
- sitting on stacy › letra de mailman - sitting on stacy
- willy tea taylor › letra de cattleman - willy tea taylor
- maino › letra de ghost of kalief browder - maino
- jihae › letra de best thing - jihae
- lil b › letra de all one me - lil b