letra de айтчы (say) - begish
[припев: mirbek atabekov]
айтчы, сен белең мени жашоодо күткөн?
айтчы, сени издеп ааламды айланып бүткөм?
мага бүт көңүлүм сен
мага бүт өмүрүм сен
өзүңдү элестетсем, мээримдей төгүлүп сен
айтчы, сен белең, мени жашоодо күткөн?
[1-куплет: begish]
эй, досум, карачы, жерге тийбей басканын
жүр, артынан ээрчийличи карабастан башканы
узун чачтары, артка ташталып
сүйүп калдым деп айтпаймын
балким кетет башталып
жакын барып таанышып
бирибизге жагышып
көз караштар алышып
жылдыздардай жанышып
уялбастан карачы
мен кыргыздын баласы
кадамымды саначы
толук ыктымал менин барышым
кантип мен мынча жыл
бир өзүңдү таппадым?
кантип сендей сулуу
көз алдымдан баспады?
тартип сенде бар экен
бүт аалам сага зар экен
тартынба айтуудан
катылган сырлар бар экен
[припев: mirbek atabekov]
айтчы, сен белең мени жашоодо күткөн?
айтчы, сени издеп ааламды айланып бүткөм?
мага бүт көңүлүм сен
мага бүт өмүрүм сен
өзүңдү элестетсем, мээримдей төгүлүп сен
айтчы, сен белең, мени жашоодо күткөн?
[2-куплет: begish]
жанып турган сезимимдин
козголгонун карачы
жагып калдың, бул чындык
сен колумду кармачы
кетели, бирге жашоо жолунда
сени менен өмүр сонундай
мени эгер жактырсаң
бирге түшөлү сүйүү торуна
бекем кысып боорума
мен кармаймын колуңдан
даяр бол, бирге болууга
адашпайсың жолуңдан
мен сен деп, сен мен деп
жетели бакыттын соңуна
ишенсең мен да ишенем
суроом бар сенин жообуңа
айтчы, барбы бирөө?
сени ойго салган күндө?
уктатпай, күн батпай, сенин сезимдериң жүдөп?
болсо эгер ошондой жигит
бузууга менин акым жок
болсом деймин оюңда сенин
күтөмүн сенден анык жооп
[припев: mirbek atabekov]
айтчы, сен белең мени жашоодо күткөн?
айтчы, сени издеп ааламды айланып бүткөм?
мага бүт көңүлүм сен
мага бүт өмүрүм сен
өзүңдү элестетсем, мээримдей төгүлүп сен
айтчы, сен белең, мени жашоодо күткөн?
letras aleatórias
- ддт ddt rus › letra de старый год (old year) - ддт (ddt) (rus)
- diamond shell › letra de church bell toll - diamond shell
- mr knightowl › letra de you wanna bang - mr. knightowl
- lil ak › letra de celina - lil ak
- maja gullstrand › letra de en platta jazz - maja gullstrand
- nesu smert › letra de фрагменты (fragments) - nesu smert'
- r a the rugged man › letra de black & white (clean remix) (feat. timbo king) - r.a. the rugged man
- antony santos › letra de me enamoro - antony santos
- bruce kulick › letra de shake a leg - bruce kulick
- mr criminal › letra de drop it-n-rock it - mr. criminal