letra de айырмасы жок! (it doesn't matter) - 7gen & g-voo
[текст песни “айырмасы жок!” – 7gen & g-voo]
[припев – g-voo]
айырмасы жок, көчөдө кандай аба ырайы болуп жатканы
менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
айырмасы жок каерде эмгектенип канча акча тапканың
менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
[1-й куплет – 7gen]
укмуш чыдамкайлуу сезим менен жашасаң
жиндин жини келип качып кетет адамдан
ооп кетип калба тең турганда таразаң
жалгыз жашоону жакшы жашаганга жарасаң
баш түшүрбөгүң оор абалда
оор абалдай сезимди аракет кылып көр оодарганга!
ачууң бир метр болсо сабыр тап гектарга!
анан айтыш оңой деп салба!
[бридж – 7gen]
күн артынан күн өтөт, күн ачык же күн бүркөк
болсо дагы өзүңдөн башталат эң жакшы күн!
маанайды бир көтөрүп мүнөттөрүңдү өткөр
ачууланбай жашап көр, ачууланбай жасап көр баарын!
[припев – g-voo & nursultan azykbaev]
айырмасы жок, көчөдө кандай аба ырайы болуп жатканы
менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
айырмасы жок каерде эмгектенип канча акча тапканың
менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
[2-й куплет – 7gen]
көпчүлүктө кылыгыма теңдей
өзүм өзүмө жеңилбегендей
кайра кайткан берекемдей
мен деле жакшы болгум келет сендей
атам бар шүгүр, апам бар шүгүр
эжекелерим, агам бар шүгүр!
үй-бүлөөмдөн тышкары жанымда
мага мээрими көп адамдар шүгүр!
көптөгөн нерсеге кубанганга
үлгүрбөйсүң улам уланганда
арт артынан, жарт жартынан
кудайдан бирдеме суранганда!
ар кандай кыйынчылыкта чыдамкайлык болгондо
колуң бар бүтүр, бутуң бар жүгүр шылтоону колдонбо!
жооп бересиң “и ооба” деп
эгерде жоголсо адеп
эми бизде боло берет девей эле
өзгөрүп койсо кантет!
жооп бересиң “и ооба” деп
эгерде жоголсо адеп
эми бизде боло берет девей эле
өзгөрүп койсо кантет!
[бридж – 7gen]
күн артынан күн өтөт, күн ачык же күн бүркөк
болсо дагы өзүңдөн башталат эң жакшы күн!
маанайды бир көтөрүп мүнөттөрүңдү өткөр
ачууланбай жашап көр, ачууланбай жасап көр баарын!
[припев – g-voo & nursultan azykbaev]
айырмасы жок, көчөдө кандай аба ырайы болуп жатканы
менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
айырмасы жок каерде эмгектенип канча акча тапканың
менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
letras aleatórias
- black thought › letra de sway in the morning freestyle - black thought
- aurlus mabele › letra de waka waka - aurlus mabélé
- the beach boys › letra de i'm the pied piper 2 - the beach boys
- bushido › letra de vaterland - bushido
- conjunto primavera › letra de amor fingido - conjunto primavera
- antonio vega › letra de pasa el otoño - antonio vega
- nicola di bari › letra de corazon gitano - nicola di bari
- frodo skitz › letra de makaveli - frodo & skitz
- kero1 › letra de asian kids - kero1
- lentourage › letra de c'était écrit - l'entourage