letra de ыйлаба - бегиш&асман (begish&asman)
[1 куплет]
азыр отуруп ыйлайсың
бир оорунуңдан жылбайсың
өзүңдү өзүң кыйнайсың
билемин бирок сынбайсың
себеби жан дүйнөң сенин
деңизден дагы терең
кетесиң кайгыны женип
сага бир адам керек
жыйна күчүңдүн баарын
алдыда шайыр жылдарың
карашат сени кызганып
калат убактын ызгаары
сенин баркыңа жетпеген
жигиттин эмне кереги?
башканын колун эптеген
сага бакытты береби?
эчкимдин акысы жок
көңүлүңдү оорутканга
татыктуу кыз эмессиң
гүлдөй болуп соолуп калган
сонун мезгилдер сага шашылып бат келе жатат
жылмаюу кана тартуулап өзүңө жолукканга
эмне кыл дейсиң адамдар канаттуу боло албайт
түгөйлөрдүн сезимдери өчүп жолдо калат
мындан ары кадамыңар эки багыт алат
сени дагы күтүп жүргөн эми жарың табат
азыр отуруп ыйлайсың
сөздөрүмду унутпа
көздөрүңдү арчы
тарайт эртең булуттар
суранам ыйлабачы
жаралып сен тунуктан
оюңду булгабачы
[кайырма]
сезимиң ашып ташып
сүйдүң аны
сел кылып, жашың аарчып кала бердиң
күйүп жана бердиң
жаратың мезгил даарылайт
канатың сынса жаңылайт
сүйүүдөн ооруган
сүйүүдөн айыгат
[2 куплет]
эгер аккан жашың менен бирге кайгы акса
ыйлап ыйлап капалыкты төгүп салгын баттан
ага сенден башка бирөө артык болуп жатса
качып кеткин күндөлүктүн барактарын аттап
өзүңдү жакшы көргүн
өзүңө убак бөлгүн
сыйла өз тандооңду сен
күчтүү болууга көнгүн
өткөн сезимдер келбейт
аларды күтпө бекер
шарапта жардам бербейт
ага кошулбайт шекер
сага жарашкан адам сенин жашыңды агызбайт
бактылуу кылат элего чыкпай жүрүп жаныңда
эгиздей болгон жанга кезигип жүрөк жалындайт
болгону чечимди кылуу керек өз убагында
болду укта, унут баарын
эл эмне деп айтса дагы эч бир укпагын
асман дагы нурун төгөт айдап булуттарын
ойгонгондо терезеңди кара туруп барып
болду укта унут баарын
сага мээримин төгөт боз булут дагы
бул ырдагы ноталар берет сунуп даары
сөздөрүмдү чайга кошуп ал бир уурттагын
[кайырма]
сезимиң ашып ташып
сүйдүң аны
сел кылып, жашың аарчып кала бердиң
күйүп жана бердиң
жаратың мезгил даарылайт
канатың сынса жаңылайт
сүйүүдөн ооруган
сүйүүдөн айыгат
letras aleatórias
- letra de lys upp mig som en stjärna - mattias alkberg
- letra de the lesbian song - catherine rose
- letra de 3... 4... un... - gustavo (latvia)
- letra de notte romantica (remastered) - ruggero de i timidi
- letra de blessed assurance - mick jenkins
- letra de dolla billz - kasi
- letra de hey - shug
- letra de sleepwalker - deborah conway & willy zygier
- letra de valsinha - mônica salmaso
- letra de strong thing - steven umeh